суббота, 2 февраля 2013 г.

киста деген эмне

Этек кир келерде жана келип жатканда ичтеги оорутуу;Этек кирдин узакка созулуп, кандын көп кетүүсүнүн күтүлүшү;Этек кирлер аралыгында күрөң сымал коюу кандын аз-аздап келиши; Бойго бүтпөө;Этек кир келгенде оорутуунун ичеги, табарсык, ал тургай белге чейин тарашы;Жыныстык катнаш учурундагы оорутуу;

Таралышына жараша төмөнкүдөй деңгээлдерге бөлүнөт: I деңгээл. Эндометрийлер анчалык терең эмес таралат. II деңгээл. Жатындын моюнчасына жана жыныс кынынын капталдарына чейин барсылдакты (киста) жаратып тарап кетет. III деңгээл. Ичке ичегиге чейин тарап кетет ..

Эндометрийлер ай сайын жаңырып турат. Аларсыз бойго бүткөн кезде түйүлдүк жатынга жабышып, кармалбайт (абортто бул клеткалар кырылып калгандыктан же доо кеткенден кийин түйүлдүктөр жатында кармала албай, түшүп калышы мүмкүн). Этек кир циклинин аягында аял кош бойлуу болбосо, анда эндометриялар организмден чыгарылат. Бул кан агуу менен коштолот. Башкача айтканда, этек кир келет. Кээде кандын агымы менен бирге эндометрийлер жатындын түтүкчөлөрүнө, эн бездерге туш келип, ал жерде өсө баштайт. Бул процесс эндометриоздун өнүгүүсүнүн башталышы деп аталат. Жатындан башка жактарда өсө баштаган эндометрийлер да этек кир учурунда жатындагы эндометрийлер сыяктуу канап, оорутууну жаратат. Кандын көп агышы да мына ушундан болот. Медицинада көздүн эндометриозу да кездешет. Мында аялдын этек кири келген кезде көзүнөн да кан агат.

Жатын клеткалары башка жакка кантип таралат?

Эндометриоз ЂЂЂ жатындын былжырлуу катмарындагы клеткалардын (эндометрийлердин) жатындан тышкары башка органдарга да көчүп өсүп кетүүсү. Эндометриоздун эки түрү бар:ЂЂЂ Жыныстык органдар чегинде (гениталдык). Мында ткандар эн бездерге, жатын түтүкчөсүнө, жатын моюнчасына таркап өсүп кетет.ЂЂЂ Жыныстык органдардан сырткаркы органдарда (экстрагениталдык) мисалы, жыныс кынынын оозу менен көтөн чучуктун ортосуна, ичегиге, табарсыкка, киндикке ж.б. да тарап өсүп кеткен түрү.

Эндометриоз аялдарга тиешелүү оорулардын ичинен жыныс органдарынын сезгенүүсү менен жатындын миомасынан кийин 3-орунду ээлейт. Башкача айтканда, эң көп таралган гинекологиялык оору.

ЂЂЂ356 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.

ЭНДОМЕТРИОЗ ЂЂЂЖАТЫНДАГЫ КЛЕТКАНЫН ТАБАРСЫК, ИЧЕГИГЕ ЧЕЙИН ТАРАП КЕТҮҮСҮ

Комментариев нет:

Отправить комментарий